Жасалма интеллект негизинде окуу процессине арналган оюндарды иштеп чыгуу
Бесплатный доступ
Бул макалада жасалма интеллекттин (ЖИ) билим берүү тармагындагы ролу жана анын негизинде түзүлгөн окутуу оюндарынын өзгөчөлүктөрү каралат. Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен билим берүү системасы өзгөрүп, салттуу ыкмалардын ордуна интерактивдүү жана жекелештирилген окутуу формалары кеңири жайылууда. Макалада оюн аркылуу окутуунун артыкчылыктары, анын ичинде мотивацияны жогорулатуу, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана окуучунун жеке өзгөчөлүгүнө ылайыкташуу мүмкүнчүлүктөрү талданат. Ошондой эле Google Gemini платформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана аны окуу оюндарын түзүүдө колдонуу жолдору мисалдар менен түшүндүрүлөт. Жыйынтыгында, жасалма интеллект негизиндеги оюндар билим берүүнүн сапатын жогорулатып, келечектеги негизги окутуу инструменттеринин бири болоору аныкталат.
Короткий адрес: https://sciup.org/140317119
IDS: 140317119 | УДК: 004.8:37